8-март майрамында аба ырайы кандай болот

© Sputnik / Александр Полегенько / Медиабанкка өтүүЖоогазын гүлү. Архив
Жоогазын гүлү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетери айтылды.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Кыргызстанда эртең, 8-март күнү, кээ бир райондордо жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул туурасында Кыргызгидромет билдирди.

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз +6…+11 градус болот.

Таласта термометр түнкүсүн -2…+3тү, күндүзү 6…11 градусту көрсөтөт.

Жалал-Абад, Ош жана Баткенде облустарында түнү 0…+5, күндүзү +8…+13 градуска чыгат.

Ысык-Көл аймагында түнкүсүн -2…-7, ал эми күндүзү +3…+8 градус болот. Нарын жергесинде суук күчүндө турат, тагыраагы түнү -11…-16, күндүзү 0…-5 градус болорун билдиришти.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо автожолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетери айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0