Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЛивневый дождь в Ялте
Ливневый дождь в Ялте - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. 6-мартта өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, Чүйдө +3…+8, Талас облусунда +6…+8 градус жылуу болот.

Баткен, Жалал-Абад жана Ош жергесинде күндүн табы +8…+13 градуска жетери болжолдонду.

Ысык-Көл аймагында +6…+8, Нарын облусунда 0…+5 градус болору айтылды.

Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, Ошто абанын температурасы +11…+13, Бишкекте +6…+8 градуска чамалап барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0