Дүйшөмбү күнгө карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет

БИШКЕК, 3-март— Sputnik. 4-мартта өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жете турганын Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Талас өрөөнүндө +9...+11, Чүй облусунда +7…+12 градус болот.

Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында +8...+13, Ысык-Көл аймагында +4…+9, Нарын жергесинде -2…+3 градус болору айтылды.

Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болот. Абанын температурасы Ош шаарында +11...+13, Бишкекте күндүн табы +10...+12 градус болору болжолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0