Күндүн көзү ачылбайт. Бир жумага карата аба ырайы

Жазылуу
Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңуп тайгак болот.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. 3-мартта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектерине жана тоолуу райондорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

4-мартта кээ бир райондордо жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо автожолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет.

Түшүм жыйнап жаткан дыйкандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Элеттегилер 6 пайыздык насыяны кантип ала алат? Жол-жобосу
5-мартта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, тоо этектерине жана тоолуу райондорго кар түшөт. Жолдор тоңуп тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге чейин жетиши ыктымал.

6-мартта кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.

7-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңуп тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0