Кыргызстанда калпак жумалыгы башталды

© Sputnik / Табылды КадырбековПраздничное шествие ко Дню празднования национального головного убора ак калпака в Бишкеке
Праздничное шествие ко Дню празднования национального головного убора ак калпака в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жумалык 1-марттан 7-мартка чейин созулуп, маданий иш-чаралар менен коштолмокчу.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Бүгүнтөн тарта өлкөдө калпак жумалыгы башталды. Бул тууралуу "Кийиз дүйнө" коомдук фондусунан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, жумалык 1-марттан 7-мартка чейин созулуп, маданий иш-чаралар менен коштолмокчу.

"Саамалыктын максаты — калпактын аброюн, даңкын, даражасын жогорулатуу жана улуттук идеологияны кѳтѳрүү болуп эсептелет", — деп жазылат маалыматта.

Иш-чаралардын программасы:

  • 1-мартта Улуттук филармониянын алдында калпак жумалыгынын ачылышы болуп, жарнамалык ролик тартылат;
  • 2-мартта соода борборлорунун биринде атайын программа менен концерт болот;
  • 3-мартта Туу күнүнө арналган мамлекеттик иш-чара менен катар ак калпактын касиетин жана кийүү тартиптери тууралуу лекция окулуп, флешмоб өткөрүлөт;
  • 5-мартта "Кыргыз калпагы муундан-муунга" чакырыгы менен бир катар кѳчѳлѳрдѳ жѳѳ жүрүш өтүп, андан соң эл менен бирге видео тартылат;
  • 6-7-март күндөрү иш-чарага катышкан студенттер соода борборлорунда элге калпагын чечпей, аны күндө кийип жүрүүгө чакырык кылышат;
  • "Сейтек", №72 жана башка мектептерде дагы калпакка байланышкан бир катар иш-чаралар уюштурулат.

Саамалыктын уюштуруучулары "Кийиз дүйнө" коомдук фондусу, "Ак шумкар кут" жаштар коомдук бирикмеси, "Инсандык өнүгүү" студенттик клубу жана "Тогуз Торо" жаштар биримдиги болмокчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0