Сегиз жылда 157 чет элдик жаран курал-жарак менен сыйланган

Жазылуу
Сурабалдиева төрага тарабынан канча кишиге белекке курал бергенин сурады.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. 2010-жылдан бери 157 чет элдик жаранга курал-жарак сыйлык катары берилген. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиеванын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Курал жаркатар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Элдеги курал-жаракты базар баасында сатып алуу сунушталды
Бүгүн депутаттар "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун карап жатышат. Ал экинчи окууга киргизилет.

Сурабалдиева, андан сырткары, курал-жарак кимге сыйлык катары берилерине кызыкты. Өз кезегинде Орозалиев президент, премьер жана Жогорку Кеңештин төрагасы бере аларын айтты.

Депутат төраганын сый катары берген куралынын санын сурады эле, Орозалиев бул маалыматтар сыр экенин айтып, эч нерсе айта албай турганын белгиледи.

Эл өкүлү Сурабалдиева төрагадан бул боюнча 120 депутатка отчет берүүсүн суранып, "биз өзүбүздөн башташыбыз керек" деди.

Жаңылыктар түрмөгү
0