Көпчүлүк аймактарга кар жаайт. Бир жумага карата аба ырайы

© пресс-служба мэрии города БишкекКар тазалап жаткан муниципалдык ишкананын кызматкерлери. Архив
Кар тазалап жаткан муниципалдык ишкананын кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жана тоолуу райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. 17-февралда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоо этектерине жана тоолуу райондорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондоруна да кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

18-19-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жана тоолуу райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

19-февралда күндүз жана 20-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңуп тайгак болот.

Конкурс The International Landscape Photographer of the Year 2018 - Sputnik Кыргызстан
Эми бир укмуш! Кармачудай туман, жаалданган толкун жана 15 мыкты эмгек
20-февралда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорго кар түшөт.

21-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңуп тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

22-февралда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Ал эми 23-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0