Жекшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
17-февралда өлкө аймагында күн ачык болот.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. 17-февраль, жекшембиде, республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй облусунда +3... +8, Таласта +4... +6, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +6... +8, Ысык-Көл өрөөнүндө +1... +6 градус жылуу болсо, Нарын жергесинде 0 .... -5 градуска чейин суук болот.

Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, Ошто күндүн табы +6... +8, борбор калаада +3... +8 градус жылуу болору болжолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0