Ишембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. 16-февралда республика боюнча жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүйдө +3…+8, Таласта +4…+6 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +4…+9, Ысык-Көлдө -2…+3, Нарын жергесинде -4…-9 градус суук болот.

Бишкек менен Ош шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы Ошто +6…+8, Бишкекте +5…+7 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0