Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровРабота Ошского рынка в Бишкеке
Работа Ошского рынка в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 13-фев.— Sputnik. Бейшемби күнү, 14-февралда, өлкө боюнча жаан жаап, карга айланышы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жете турганын Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Талас жана Чүй облустарында +1…+6, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +2…+7, Ысык-Көл облусунда +2…+7, Нарын аймагында -5…-10 градус суук болору айтылды.

Ал эми Ошто жамгыр жаап, +5...+7 градус жылуу болсо, борбор калаа Бишкекте кар жаап, абанын температурасы +3...+5 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0