Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүСнегопад на Тверской улице в Москве
Снегопад на Тверской улице в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. 12-февралда республиканын айрым жерлеринде кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Последствия сильного снегопада в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Дагы кар жаап, суук күчүндө болобу? Бир жумага карата аба ырайы
Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй жана Талас облусунда 0…+5 градуска жетет.

Ысык-Көлдө -1…+4, Нарын өрөөнүндө -7…-12 градус суук, ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +3…+8 градус жылуу болот.

Ош шаарында күн ачык болуп, күндүн табы +4…+6 градуска жетет. Ал эми борбор калаа Бишкек шаарында кар жаап, абанын температурасы +3…+5 градус болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0