Ишембиге карата аба ырайы

Жазылуу
ishembige-karata-aba-yrajy Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Ишемби, 9-февралда, өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй жана Талас өрөөндөрүндө 0…+5 градус, Ысык-Көл аймагында —1…-6, Нарын жергесинде —5…-10 градус суук болот.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүн табы 0…+5 градуска чейин көтөрүлүшү мүмкүн.

Ал эми Ош жана Бишкек шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы Ош шаарында +3…+5, Бишкекте +2…+4 градус болору болжолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0