Быйыл күздөн тарта балдар мектепке электрондук кезек менен кабыл алынат

Жазылуу
Ата-энелер 1-класска барчу балдарын электрондук кезекке 15-февралдан тарта тургуза башташы керек.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Быйылкы окуу жылынан тарта борбор калаанын мектептерине балдар электрондук кезек менен гана кире алышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, ата-энелер 1-класска бара турган балдарын электрондук кезекке 15-февралдан тарта тургуза башташы керек.

"Электрондук кезек — мамлекеттик мектептерге 1-класска кабыл алуунун автоматташтырылган системасы. Бул пилоттук долбоор. 15-февралдан 15-майга чейин микроучастоктун балдары катталса, 16-майдан 15-августка чейин микроучастоктон сырткары башка мектепке берүүнү каалагандар кезекке тура алышат", — деди Жусупбекова.

Электрондук кезекке туруу үчүн министрликтин www.mektep.edu.gov.kg сайтында катталуу керек. Сайт 15-февралдан тарта иштей баштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0