Жума күнгө аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековПоследствия сильного снегопада в Бишкеке
Последствия сильного снегопада в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
8-февралда республиканын айрым аймактарында кар жаашы күтүлөт.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. 8-февраль, жума күнү, тоолуу аймактарда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында -2... -5 градус суук, Ош, Жалал-Абад жана Баткен жергесинде -1...+4 градуска чейин жылуу болсо, Ысык-Көл өрөөнүндө -2... -7 градус, Нарында -8 ... -13 градус суук болору айтылды.

Ош жана Бишкек шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы -2... -4 градус суук болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0