Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКар менен ойноп жаткан ит. Архив
Кар менен ойноп жаткан ит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 6-фев.— Sputnik. Бейшемби күнү, 7-февралда, өлкө боюнча кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Талас жана Чүй облустарында -5…-10, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында -1…+4, Ысык-Көл облусунда 0…-5, Нарын аймагында -8…-13 градус суук болору айтылды.

Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен кар жаап, абанын температурасы Ошто 0...+2 градус жылуу болсо, Бишкекте -7…-9 градус суук болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0