Күн сууктайт! Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүНовогоднее оформление Парка Горького
Новогоднее оформление Парка Горького - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. 6-февралда өлкө боюнча кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, Чүйдө -7…-12, Талас облусунда -4…-9 градус суук болот.

Баткенде -3…-8 градус, Жалал-Абад жана Ош жергесинде күндүн табы -1…+4 градуска жетери болжолдонду.

Ысык-Көл аймагында -2…-7, Нарын облусунда -7…-12 градус суук болот.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында жаан жаап, карга айланышы мүмкүн. Абанын температурасы Бишкекте -7…-9, Ош шаарында -1 …+1 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0