Улуттук банк: "Мобильник" 6-февралга чейин кардарлар менен эсептешүүсү керек

Жазылуу
Улуттук банк калктын кайрылуусунан кийин пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүп, бир катар эскертүүлөрдү берди.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. "Мобильник" ЖЧКсы 6-февралга чейин иштешкендер жана кардарлары менен эсептешип, ишин жөнгө салууга тийиш. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты.

Телефон кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улуттук банк эки уюлдук оператордун мобилдик капчыктарына тыюу салды
Башкы банк калктын кайрылуусунан кийин 1-февраль күнү пландан тышкаркы текшерүү жүргүзгөн. Анда 2019-жылдын 25-январынан тарта "Мобильник" системасында техникалык мүчүлүштүктөр болгон. Анын кесепетинен кызмат көрсөткөндөрдүн эсебине акча түшпөй, транзакциялар жүрбөй калганы аныкталган. Буга системаны негиздегендердин ич ара пикир келишпестиги да кошумча болгон.

"Төлөм системалары аркылуу үчүнчү жактар менен эсептешүүнү убактылуу токтотуу тууралуу буйрук берилди. Мындан тышкары, 6-февралга чейин иштешкендер жана кардарлары менен эсептешип, ишин жөнгө салуу милдеттендирилди", — деп жазылат маалыматта.

Системанын толук иштөөсүнө чейин элге башка төлөм системаларын колдонуу сунушталды.

Буга чейин электрондук капчыктын өнөктөшү болгон "Бай-Түшүм" банкы эсепте каражаты калган адамдар акчасын кантип накталап аларын айткан. 

"Мобильник" ЖЧКсынын жетекчилиги расмий түшүндүрмө бере элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0