Жунушалиев былтыр жазаланган ИИМ кызматкерлеринин санын айтты

Жазылуу
Бир жылда ар кандай мыйзамсыз иштери үчүн 205 кызматкер ээлеген кызматынан бошотулган.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев өткөн жылы ички иштер органында иштегендердин кылмыш жоопкерчилигине тартылуусу боюнча маалымат берди.

Ага ылайык, 2018-жылы ар кандай тартип бузуулар боюнча 5 811 ИИМ кызматкери тартип жазага тартылган.

"205 кызматкер ээлеген кызматынан бошотулган. Ал эми мыйзам бузуу жоопкерчилигине 1 475 кызматкер тартылган. Анын ичинде Жаза-процессуалдык кодексинин нормаларын бузганы үчүн 343 кызматкер, кылмышты жашыруу үчүн 139 кызматкер, жасалма документ колдонуу боюнча 14, жол транспорту окуялары боюнча 27, автоунааны мас абалында айдаганы үчүн 67 кызматкер жоопкерчиликке тартылган. Бул биздин ички иликтөө кызматынын ишинин натыйжасы", — деди министр.

Белгилей кетсек, учурда Кашкар Жунушалиев жана анын орун басары менен жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын курууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0