Кээ бир аймактарда 33 градус суук болот. Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүАяз. Архив
Аяз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын аймактарында жамгыр карга айланат.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. 3-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, эртең менен жана күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда бир аз жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорго кар түшөт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Работа ТЭЦ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Адис Бишкекти XIX кылымдагы Лондон менен салыштырды

Ага ылайык, 4-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Ысык-Көл жана Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

5-6-февралда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаап, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын аймактарында жамгыр карга айланат. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 17-22 метрге чейин жетиши мүмкүн.

7-февралда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарында бир аз кар жаап, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

8-9-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0