ОСАГО полисин албагандарга качан айып салына баштайт? Мамфинкөзөмөлдүн жообу

Жазылуу
Эгер экинчи токтом долбоору кабыл алынбаса, анда 7-февралда гана эмес, андан кийин деле айдоочулардан эч бир орган камсыздандыруу полисин талап кыла албайт.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Кыргызстандык айдоочуларды ОСАГО полисин албагандыгы үчүн үстүбүздөгү жылдын 7-августуна чейин эч ким айыпка жыга албайт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын (Мамфинкөзөмөл) төрагасы Санжар Муканбетов билдирди.

Эскерте кетсек, 7-февралдан баштап "Автотранспорт каражаттарынын ээсинин жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу тууралуу" мыйзам күчүнө кирет.

"Бирок аны толук кандуу ишке ашыруу үчүн өкмөткө экинчи токтом долбоору сунушталды. Анткени биринчи токтомдо ОСАГО полисин кайсы орган текшерип, жок болсо айдоочуга айып салары тууралуу айтылган эмес. Экинчи долбоордо бул вазыйпа Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына жүктөлсүн деп сунушталды. Жол инспекторлоруна мындай укук берүү үчүн жол эрежелери боюнча документтерге өзгөртүүлөр киргизилиши керек", — деп түшүндүрдү Муканбетов.

Тыйын жана унаа ачкычы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акчамды кимге ишенем? ОСАГО полисин берген компанияларга кимдер ээлик кылат
Анын айтымында, эгер экинчи токтом долбоору кабыл алынбаса, анда 7-февралда гана эмес, андан кийин деле айдоочулардан эч бир орган камсыздандыруу полисин талап кыла албайт.

Эске салсак, ОСАГО полисин албагандарды айыпка жыгууну 7-августка жылдыруу январь айынын башында сунушталган.

Буга чейинки маалыматтарга караганда, ОСАГО полистерин берүү ниетин 9 компания кат жүзүндө билдирген. Анын баарында тариф бирдей болмокчу.

Камсыздандыруу полисинин базалык тарифи 1680 сомду түзөт. Бирок иш жүзүндө айдоочунун жаш курагына, тажрыйбасына, унаасынын үлгүсүнө жана жол кырсыктарынын санына карап эсептелмекчи.

Жаңылыктар түрмөгү
0