Кыргызстандын абактарында 370 чет элдик жаран жаза өтөп жатат

Жазылуу
Кайсы соттолуучуга мунапыс берилерин сот гана чечет.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Учурда Кыргызстандын абактарында 370 чет элдик жаран отурат. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлү Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Бүгүн депутаттар "Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 70 жылдыгынын жана Кыргыз Республикасындагы 1938-жылкы саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүүнүн 80 жылдыгынын урматына мунапыс берүү жөнүндө" мыйзамдын долбоорун карашты. Ал биринчи окууга киргизилет.

Государственная служба исполнения наказания - Sputnik Кыргызстан
Абактагы кишиге КР президенти кантип ырайым берет? Процедура тууралуу

Депутат Каныбек Иманалиев "эгер абактагы чет элдик жарандар Кыргызстандын аймагында оор кылмыш иштерин жасабаса, аларды бошотсо болобу?" деген суроо салды. Эл өкүлү аларды кармап турууга мамлекеттен каражат кетип жатканын жүйө келтирди.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Исхак Масалиев кимдерге мунапыс берилери мыйзам долбоорунда так жазылганын билдирди.

Талкуунун жүрүшүндө Жаза аткаруу кызматы материалдарды сотко жөнөтөрүн жана сот гана ким мунапыска туура келерин прокурорлордун катышуусу менен чечери айтылды.

Эгер мунапыс берилсе, абактагы 285 киши эркиндикке чыгат. Андан сырткары, 2879 кишинин жаза өтөө мөөнөтү кыскарат. Учурда Кыргызстандын абактарында 11 140 киши бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0