Шашылыш билдирүү! Кар жаап, көчкү түшөт

© Sputnik / Юрий Шестопалов / Медиабанкка өтүүЖолдо бараткан унаалар. Архив
Жолдо бараткан унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл экенин эскертти.

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Республика аймагында 30-январдан тарта кар жаап, ашууларда, тоолуу райондордо көчкү түшө турганын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай аба ырайы 2-февралга чейин уланат.

"Төө-Ашууда, Ала-Бел ашуусунда Чычкан капчыгайында, Чапчыма ашуусунда, Красная-Горка — Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 65-90, 95-130-чакырымдарында, Талдык ашуусунда, Казарман — Актал-Чат унаа жолунун 43-44-чакырымдарында, 67-90-чакырымындагы Кара-Көө ашуусунда жана Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-92-чакырымдарындагы Чоң-Ашууда кар көчкү түшүп, кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот", — деп айтылат билдирүүдө.

ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл экенин эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0