Алдыда кар жаайбы? Бир аптага карата аба ырайына божомол

Жазылуу
Кыргызгидрометтин билдиришинче, өлкөдө жуманын башында кар жааса, аягында жаан-чачын күтүлбөйт.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолун таратты.

На улице города зимой - Sputnik Кыргызстан
Фрунзенин кышы жана кыздары. Жарым кылым мурдагы Кыргызстандын сүрөттөрү
Ага ылайык, 21-январда көпчүлүк аймактарда, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

22-январда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаайт. Ал эми күндүз жана 23-январь күнү жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондоруна туман түшөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Ошондой эле 24-27-январь күндөрү өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Бишкек жана Ош шаарларында 21-январь күнү мезгил-мезгили менен кар жаай турганы маалымдалды. 22-23-январь күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0