Кар жаап, жолдор тайгак болот. Дем алышка карата аба ырайы

Жазылуу
Тоолуу райондорго кар түшөт.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. 19-январда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарында жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ошондой эле Нарын облусунда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз кээ бир райондорго кар түшүшү мүмкүн. Чүй, Талас облустарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоолуу райондордо кар жаайт. Ал эми Ысык-Көл облусунда жаан жаабайт.

Жекшемби күнү, 20-январда, аба ырайы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0