Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКар учурунда көчөдө бараткан адамдар. Архив
Кар учурунда көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. 16-январда өлкө боюнча кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, Чүй жана Талас облустарында +2…+7 градус жылуу болот.

Ош, Баткен жана Жалал-Абад жергесинде күндүн табы +3…+8 градуска чейин көтөрүлөт.

Ысык-Көл аймагында 0…+5, Нарын облусунда —8…-13 градус суук болору айтылды.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында жаан жаап, ал карга айланышы мүмкүн. Абанын температурасы Бишкекте +4…+6, Ош шаарында +5…+7 градуска чамалап барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0