"Манастагы" каармандардын атын арак-шарапка ыйгарууга тыюу салуу сунушталды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүТорговый центр "Капитолий" в Москве
Торговый центр Капитолий в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү демилгенин себебин да түшүндүрүп берди.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов алкоголдук продукцияга "Манас" эпосунун каармандарынын атын ыйгарууга тыюу салууну сунуштады.

Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Икрамов "Манас" үчилтиги дүйнө шедеврлеринин катарында турарын, кыргыз элинин уникалдуу мурасы экенин баса белгиледи.

"Манаста, Бакай, Семетей, Каныкей, Сейтекте — чыныгы баатырлардын мүнөзү бар. "Манас" эпосу андагы окуялардын элдин тарыхын чагылдырганы менен да баалуу", — деди депутат.

Эл өкүлүнүн айтымында, мамлекет спирт ичимдиктерине болгон көз карандылык менен күрөшүп келет, бирок алкоголдук продукция өндүргөн компаниялар көп учурда улуттук баатырлардын аты-жөнүн пайдаланып жүрөт. Депутат мындай көрүнүш жаштар идеологиясына терс таасирин тийгизип жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0