15:12 27 Кулжа 2019
Түз эфир
  • USD69.5988
  • EUR79.0503
  • RUB1.1081
Жылкылар. Архив

Быйыл өлкөдөгү жылкы менен чочколор идентификацияланат

© Sputnik / Алексей Мальгавко
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
115 0 0

Бүгүнкү күнгө чейин 1 миллион 700 миңден ашуун бодо мал идентификацияланды.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Быйылкы жылдын I жана II кварталынан баштап чочко, IV кварталында жылкы идентификацияланат. Бул тууралуу Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын директору Калысбек Жумаканов Жалал-Абад облусуна болгон сапары учурунда билдирди.

Анын айтымында, ветеринардык тармактагы жасалып келген иштер быйыл да улантылмакчы.

"Ветеринардык клиникаларды салуу, мал ылаңынын алдын алуу жана идентификация маселесин жүзөгө ашырышыбыз керек. Андыктан талапка жооп берген эл аралык деңгээлдеги заманбап лабораторияларды куруу иштери улантылат. Малды өз учурунда эмдөө жана башкысы идентификация үзгүлтүксүз ишке ашырылат", — деди Жумаканов.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө чейин идентификациядан өткөн бодо малдын саны 1 миллион 700 миңден ашты. Ал эми койлордун кезеги 2020-жылы келет.

Тема боюнча

Нарындан жер которгон марал Аксынын айылын аралап... Адис эмне дейт
Жөнөкөй малчынын идеясын автоинспекторлор улап кетти
Белгилер:
кой, чочко, жылкы, идентификациялоо, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ