Мезгил-мезгили менен кар жаайт. Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКар тазалап жаткан мэрия кызматкери. Архив
Кар тазалап жаткан мэрия кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. 14-январда жана 15-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңуп тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

15-январда күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар түшүшү мүмкүн.

16-январда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар түшөт.

17-январда күндүз жана 18-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңуп тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

19-январда күндүз жана 20-январда мезгил-мезгили менен кар жаап, абанын температурасы төмөндөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0