Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. 14-январда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунда +7…+12, Таласта +6…+11 градус жылуу болору айтылды.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +5…+10, Ысык-Көл аймагында 0…+5, Нарын жергесинде —4…-9 градус суук болот.

Бишкек менен Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы Бишкекте +10…+12, Ошто +8…+10 градус жылуу болору болжолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0