Жумага карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Жума күнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, карга айланышы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл, Чүй жана Талас облусунда 0…+5 градус жылуу болот.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен жергесинде +3…+8 градус жылуу болсо, Нарын аймагында —5…-10 градус суук болушу күтүлөт.

Бишкек менен Ош шаарларында жаан жаап, карга айланышы мүмкүн. Абанын температурасы Бишкекте +3…+5, Ошто +5…+7 градус жылуу болору болжолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0