БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. 2019-жыл — "Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы" деп жарыяланды. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-январда, Чүй облусунун Сокулук районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда билдирди.
Жээнбеков белгилегендей, региондорду өнүктүрүү иштери быйыл да уланат, токтобойт, кийинки жылдары да элет жерин өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты бойдон кала берет.
Президенттин айтымында, кийинки жылдары өлкөнүн бардык региондорунда, бүткүл өлкөнүн масштабында жаңы технологияларды колдонуп, өнүгүү темпине жаңы дем берүү керек.
"Өлкөнү санариптештирүү бүгүнкү күндүн талабы болуп жатат. Ал биздин жарандар үчүн мурда болуп көрбөгөн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө адам фактору жоюлат. Бул коррупциялык элементтерди жок кылат", — деди өлкө башчы.
Мамлекет башчысы "Түндүк" электрондук системасы аркылуу 189 кызмат көрсөтүү санарип форматына өткөрүлөрүн эске салды. Мындан улам ар кандай мамлекеттик органдын эшигин каккылап, справка же башка маалымат алуу үчүн элдин кыйналганы токтойт.
"Керектүү маалыматты чиновник өзү таба турган болот. Бул жашоонун бардык тармактарына тиешелүү, анын ичинде адамдын соттолбогондугу тууралуу справка, пенсияга чыгуу, балага сүйүнчү алуу, жөлөк пул алуу, паспорт, айдоочулук күбөлүк, жарандык актыларды алуу, транспорт каражаттарын каттоо электрондук форматка которулат", — деди Жээнбеков.
Мамлекет башчы Санариптик инфраструктура жеке адамдын жана ишкерлердин мамлекеттик же жергиликтүү чиновник менен түз байланышта болуусун кескин азайта турганын кошумчалады.