Өлкө боюнча кар жаайбы? Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүВ Омске выпал первый снег
В Омске выпал первый снег - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Шаршемби, 2-январь түнкүсүн, айрым аймактарда, ал эми күндүзү көп жерде кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Чүй менен Талас облустарында түнкүсүн 2-7 градус суук, күндүз –1…+4.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн –2…+3, күндүз +2…+7.

Нарын облусунда түнкүсүн –12…–17, күндүз 7-12 "минус" белгиси менен.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5-10 градус суук, күндүз 1…+6.

Ошто түнкүсүн –1…+1, күндүз 0…+4 нөлдөн жогору.

Бишкекте түн ичинде – 4…– 6, күндүз +2…+4.

Жаңылыктар түрмөгү
0