Жаңы жылда аба ырайы кандай болот

Жазылуу
Түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, тоо этектеринде жана тоолуу аймактарга кар түшөт.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. 31-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, тоо этектерине жана тоолуу аймактарга кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, күндүз Нарын жана Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңуп, тайгалак болот.

Праздничные мероприятия и народные гуляния на площади Ала-Тоо - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар жаңы жылда 7 күн эс алмай болду
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл облусунда 15-20 метрге чейин жетиши ыктымал.

Ал эми 1-январда жаан-чачын күтүлбөйт. 2-январда түнкүсүн кээ бир райондордо, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0