Статистика: айылдык кыз-келиндер бойго бүтүрбөөчү каражаттарды көп колдонот

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүДары кармап турган аял. Архив
Дары кармап турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардык кыз-келиндер бойго бүтүрбөөчү каражатты айыл жергесинде жашагандарга салыштырмалуу аз колдонушат.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Кыргызстандагы кыз-келиндердин үчтөн бири бойго болтурбоочу каражатты колдонбойт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Ага ылайык, орто билими бар аялдар жогорку билимдүүлөргө жана толук эмес орто билимге ээ болгондорго караганда коргоочу каражатты көп колдонот.

Андан сырткары, 15 жаштан 49 жашка чейинки шаардык кыз-келиндер (60,4 пайыз) бойго бүтүрбөөчү каражатты айыл жергесинде жашагандарга (62 пайыз) салыштырмалуу аз колдонушат.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 15-25 жана 46-49 жаштагы аялдар бойго бүтүрбөөчү каражатты көп колдонушпайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0