Ишембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. 15-декабрда республика боюнча жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй жана Таласта +8…+13 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10…+15, Ысык-Көл аймагында +4…+9 жана Нарын жергесинде —1…-6 градус суук болот.

Бишкек менен Ош шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы Бишкекте +11…+13, Ош шаарында +12…+14 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0