Кыргызстан россиялык туристтер көп каттаган 30 өлкөнүн катарына кирди

Жазылуу
Өткөн жылдын тогуз айына салыштырмалуу Россиядан келген туристтердин саны азайган.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Кыргызстан россиялык туристтер үчүн кызыктуу делген 30 өлкөнүн катарына кирди. Бул туурасында ТурСтат билдирди.

Директор департамента при Минкультуры Максат Дамир уулу - Sputnik Кыргызстан
Туризм департаментинин жаңы жетекчиси: туристтердин так санын биле албай жүрөбүз
Агенттик тогуз ай ичинде россиялык туристтердин сыртка чыккан статистикасын анализдеп чыккан. Анда Кыргызстанга келген россиялык туристтер былтыркыга салыштырмалуу 3 пайызга, эгерде сандар менен алсак, 193 миңге азайган.

Биринчи ондукка Түркия (4 миллион 907 мир ирет барышкан), Абхазия (3 миллион 621 миң), Финляндия (2 миллион 498 миң), Казакстан (2 миллион 310 миң), Украина (1 миллион 793 миң), Кытай (1 миллион 449 миң), Эстония (1 миллион 343 миң), Грузия (979 миң), Германия (950 миң) жана Италия (849 миң) кирген.

Россиялык туристтердин  сыртка чыккан жалпы сапарынын саны былтыркы жылга салыштырмалуу алты пайызга көбөйгөн, тагыраагы 32,9 миллион болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0