Жекшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Жекшембиде айрым облустарда күн бүркөлүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. 9-декабрь, жекшембиде, өлкө аймагын ала булут каптап турат. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас жана Чүй облустарында кар аралаш жаан жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда +7…+12, Талас менен Ысык-Көл өрөөндөрүндө +4…+9, Ош, Жалал-Абад жана Баткен жергесинде +6…+11 градус жылуу, ал эми Нарын аймагында —3…-8 градус суук болору айтылды.

Ош шаарын ала булут каптап, абанын температурасы +8…+10 градуска көтөрүлсө, Бишкекте кар аралаш жаан жаап, абанын температурасы +7…+9 градуска чейин жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0