Ишембиге карата аба ырайы

Жазылуу
8-декабрда өлкө аймагында күн ачык болот.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. 8-декабрь, ишембиде, республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон желдин ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй жана Ысык-Көл облусунда +4…+9 градус, Таласта +5…+10 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймагында +7…+12 градуска чейин жылуу болору айтылды. Ал эми Нарын өрөөнүндө —3…-8 градуска чейин суук болот.

Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, Ошто +9…+11, борбор калаада +3…+8 градуска жетери болжолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0