Дем алыш күндөргө карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовКол чатырчан адам. Архив
Кол чатырчан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жекшемби күнү айрым аймактарда жамгыр, кар жаашы мүмкүн.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Эртең, 8-декабрда, жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми 9-декабрда түнкүсүн айрым жерлерде жамгыр, кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Ишемби, 9-декабрдын, аба ырайы

Чүйдө түнкүсүн —1…-6, күндүз 5…10 градус жылуу болот. Таласта түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12 градус жылуу болушу күтүлөт. Баткенде түнкүсүн —2 градус сууктан +3 градус жылуулукка чейин, күндүз 7…12 градус жылуу болот.

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн —2…+3, күндүз 7…12 градус болушу күтүлөт.

Ысык-Көлдө түнкүсүн —1…-6, күндүз 4…9 градус, Нарында түнкүсүн —15…-20, күндүз —2…-7 градус суук болот.

Жекшемби, 9-декабрга карата аба ырайы

Чүйдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8 градус жылуу болот. Таласта түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8 градус жылуу болушу күтүлөт. Баткенде түнкүсүн —2…+3, күндүз 5…10 градус жылуу болот.

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн —2 градус сууктан…3 градус жылуулукка чейин, күндүз 5…10 градус жылуу болушу ыктымал.

Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8 градус, Нарында түнкүсүн —13…-18, күндүз —3…-8 градус суук болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0