Шаршембиге карата аба ырайы

Жазылуу
5-декабрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Шаршемби, 5-декабрь күнү, өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй жана Талас өрөөндөрүндө +3…+8, Ош, Баткен жана Жалал-Абад жергесинде +5…+10, Нарын аймагында —2…+3, Ысык-Көл облусунда +4…+9 градус жылуу болору айтылды.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарында күн ачык болуп, Ошто +6…+8, Бишкек шаарында +3…+8 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0