Кыргызстандыктар 2019-жылы кайсы майрамдарда эс алат? Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Тоо аянтынын жаңы жылдык жасалышы. Архив
Ала-Тоо аянтынын жаңы жылдык жасалышы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эмдиги жылы 14 майрам белгиленип, бул күндөрү эл эс алат.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги 2019-жылда белгилене турчу майрамдарды тактады.

Буйрукка министр Улукбек Кочкоров кол коюп, ал мекеменин сайтына жарыяланды.

Документке ылайык, кийинки жылы төмөндөгү майрамдар белгиленип, ал күндөр эс алуу болот:

— 1-январь — Жаңы жыл;

— 7-январь — Рождество майрамы;

— 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнү;

— 8-март — Аялдардын эл аралык күнү;

— 21-март — Нооруз майрамы;

— 7-апрель — Апрель элдик революция күнү;

— 1-май — Эмгек майрамы;

— 5-май — КР Конституция күнү;

— 9-май — Жеңиш күнү;

— 31-август — Кыргызстандын эгемендүүлүк күнү;

— 7-8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү;

— Орозо айт менен Курман айт майрамы айдын жаңырышына жараша аныкталат.

Ошентип 2019-жылы 14 майрам белгиленип, бул күндөр эс алуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0