Айдоочулар кайсы эрежени көп бузат? ЖКККББ отчету

© Sputnik / Эмиль СадыровКартонный сотрудника ГАИ на трассе Бишкек — Ош
Картонный сотрудника ГАИ на трассе Бишкек — Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Миңден ашык айдоочунун автоунаасы айып короого токтотулган.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Өткөн жумада (23-ноябрдан 29-ноябрга чейин) айдоочулардын көбү автоунаасын коопсуздук курун тагынбай айдап (4357 учур) милицияга түшкөн. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) маалымат кызматы билдирди.

Бир жума ичинде инспекторлор жалпысынан 17 миң 718 эреже бузууну катташкан.

Анын ичинде машина айдап баратып уюлдук телефон менен сүйлөшкөндөр — 3624, кызыл жарыктан өтүп кеткендер — 455, ичип алып рулга отургандар — 247, катуу ылдамдыкта айдагандар — 1601, жол белгилерин эске албагандар — 2939, машинасынын фарасы күйбөй калгандар — 1230, терезесин караңгылатып алгандар — 37.

Маалыматта 1066 автоунаа айып короого токтотулганы айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0