Туура эмес басылып чыккан 1000 сомдуктун баасы аукциондо эселеп жогорулады

Жазылуу
Банкноттун бир эле бетине жазылган номерлери эки башка сан менен башталып калган.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Россиялык "Мешок" интернет-аукционунда туура эмес басылып чыккан 1 000 сомдук сатыкка коюлду. Анын баштапкы баасы 5,8 миң рубль (6 миң сомдон бир аз көбүрөк) деп бааланууда.

Слитки золота - Sputnik Кыргызстан
Улуттук банктын канча алтыны бар жана кайсы жерде сакталып турат? Расмий жооп
Миң сомдук банкноттор 2000-жылдан тарта чыгарыла баштаган. Сайтта жазылган маалыматка караганда, сатыкка коюлган купюранын номерлери ар башка болуп калгандыктан, ал колдонууга жарабайт деп табылган.

Банкноттун бир эле бетине жазылган номерлери эки башка сан менен башталат. Тагыраагы, бир номери — BE1499456 болсо, экинчиси — BE1599456.

Буга чейин ошол эле россиялык интернет-аукционго 100 сомдук купюра коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0