Жекшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
2-декабрда өлкө аймагында күн ачык болот.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Жекшемби, 2-декабрь күнү, өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй жана Талас өрөөнүндө 0…+5 градус, Ош, Баткен жана Жалал-Абад жергесинде +2…+7 градус, Ысык-Көл облусунда —3…+2 жылуу, Нарын аймагында —2…-7 градус суук болору айтылды.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарында кар жаабайт, абанын температурасы Ош шаарында +5…+7 градус, Бишкек шаарында 0…-5 болору күтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0