Шашылыш билдирүү! Жумадан баштап күн бузулат

Жазылуу
Бейшембиден тарта Бишкек-Ош унаа жолунун кээ бир чакырымдарында артиллериялык курал колдонуу менен кар көчкүсүн атып түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлөт.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратып, 30-ноябрдан тарта абанын температурасы кескин төмөндөй турганын маалымдады.

30-ноябрда күндүз жана 1-декабрда туруксуз аба ырайы күтүлүп, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймагында жана Ош облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, тоо этектерине кар түшүшү күтүлөт.

"1-2-декабрь күндөрү күн кескин сууктайт. Мындай аба ырайы энергетика, коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда мал кармоону кыйындатат. Тоолуу райондордогу унаа жолдор тайгак, тоңголок болуп кар күрткүсү пайда болот. Жаан жааган убакта унаалардын кыймылын оорлотот", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми 29-ноябрдан баштап Бишкек — Ош унаа жолунун кээ бир чакырымдарында артиллериялык курал колдонуу менен кар көчкүсүн атып түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлөрү айтылды. Мындан улам унаа жолу маал-маалы менен жабылып турмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0