Шейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. 20-ноябрда республиканын бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Памятник Борцам революции в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Күн качан жылыйт? Бир жумага карата аба ырайы
Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй жана Талас облустарында +3…+8 градуска жетет.

Ысык-Көл менен Нарын өрөөнүндө 0…+5, ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +7…+12 градус жылуу болот.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан жаап, Бишкекте абанын температурасы +5…+7, Ош шаарында +8…+10 градус болушу болжолдонууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0