Кылмыш ишинин жүрүшүн QR-код аркылуу билгенге мүмкүнчүлүк түзүлөт

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүТелефон экранындагы QR-код. Архив
Телефон экранындагы QR-код. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Интернет аркылуу иш кантип жүрүп жатканын, сот кандай чечим кабыл алганын, кылмышка шектүү качан кое берилгенин жана анын жаза мөөнөтү качан аяктай турганына көз салып турууга болот.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Өкмөт аппаратынын коргоо, тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өкүлү Егор Скобеев милиция менен сот органдарынын ишин айкын кыла турчу өзгөрүүлөр тууралуу айтып берди.

Ат минген милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте эми коомдук тартипке атчан милиционерлер да көз салат
Мындай пикирин ал Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин мультимедиалык пресс борборундагы тегерек столдо билдирди. 

Мыйзамдагы өзгөрүүлөр кийинки жылдын 1-январынын тарта ишке кирет. Кылмыштар боюнча эки маалымат базасы түзүлөт. Реестрге мыйзам бузуунун бардык түрү катталмакчы. Эгер кылмыш иши козголсо, ага QR-код ыйгарылат.

Анын жардамы менен иликтөө ишинин жүрүшүндө интернет аркылуу иш кантип жүрүп жатканын, сот кандай чечим кабыл алганын, кылмышка шектүү качан кое берилгенин жана анын жаза мөөнөтү качан аяктай турганына көз салып турууга болот.

"Мамлекеттик башкаруудагы негизги көйгөйлөр биздин өтө жабык экенибизден келип чыгат. Бул механизм жарандар менен ачык болууга жардам берет", — деген Скобеев.

Азыр бул система сыналып жатканын кошумчалаган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0