Абактагылар үчүн мунапыс жарыялоо сунушталды. Тизмеге кимдер кирет?

© Sputnik / Табылды КадырбековЖенская исправительная колония № 2 в селе Степное
Женская исправительная колония № 2 в селе Степное - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта Кыргызстандын түрмөлөрүндө 11 миңден ашуун киши жаза өтөп жатат.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Абакта отургандар үчүн мунапыс жарыялоо сунушталып, мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Исправительная колония округа Крук в Оре (Швеция) - Sputnik Кыргызстан
АКШда жасабаган кылмышы үчүн 27 жыл абакта отурган адам бошотулду. Чоо-жайы
Документ Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды. Аны депутаттар Исхак Масалиев, Тазабек Икрамов, Кожобек Рыспаев жана Жылдыз Мусабекова демилгелеген.

Мунапыс Адам укугунун жалпы декларациясынын 70 жылдыгына жана репрессия курмандыктарынын 80 жылдыгына карата жарыяланмакчы.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Кыргызстандын түрмөлөрүндө 11 160 миң киши жаза өтөп отурат.

"Түрмөдөгүлөрдүн санынын өсүшүнө Кылмыш-жаза кодексинде каралган жаза өтөө мөөнөтүнүн өтө эле узактыгы жана жазалоого басым жасалган сот системасы себепчи экенин моюнга алуу керек", — дешти демилгечилер.

Мунапыс адегенде абакка 5 жылга чейин эркинен ажыратылып түрмөгө биринчи ирет түшкөн өспүрүмдөргө, 60 жаштан өткөн эркектерге, 55 жаштан өткөн аялдарга жана I, II топтогу майыптарга тиешелүү болот. Ошондой эле экиден кем эмес жашы жете элек же майып балдары бар, үй-бүлөсүн жалгыз баккан адамдар да ушул тизмеге кирмекчи.

Мындан тышкары, төмөнкү адамдардын жаза мөөнөтүн кыскартуу каралууда:

 

  • турак колонияларында жаза өтөп жаткандардын мөөнөтүн жарымына чейин;
  • атайылап кылмышка барып 10 жылга чейин соттолгондордун мөөнөтүн үчтөн бирге чейин;
  • атайылап кылмышка барып 15 жылга чейин соттолгондордун мөөнөтүн бештен бирге чейин;
  • атайылап кылмышка барып 10 жылга чейин соттолгон өспүрүмдөрдүн мөөнөтүн жарымына чейин.

 

Мунапыска жалпы жонунан 4172 киши туш болот, анын 285и толугу менен кутулса, турак колонияларынан качып кетип, кайра өз ыктыяры менен келген 1008 киши жазаланбайт, 2879 кишинин жаза мөөнөтү кыскарат.

Өлкөдө акыркы ирет мунапыс 2016-жылы жарыяланып, 1277 кишиге карата колдонулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0