Кыргызстанда диабетке каршы күрөшүү жумалыгы башталды

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүУкол даярдап жаткан дарыгер. Архив
Укол даярдап жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Расмий маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда 2017-жылы диабеттен жабыркаган 55 миң бейтап катталган.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда бүгүнтөн тарта 21-ноябрга чейин диабетке каршы күрөшүү жумалыгы башталып, республика аймагында бир катар иш-чаралар өтөт. Бул туурасында уюштуруучулар кабарлашты.

Анда коомчулуктун, өкмөттүн көңүлүн кант диабетине буруу, элди маалымдар кылуу жана оорунун кесепети туурасында айтып берүү максаты каралган.

Главврач железнодорожной больницы Мирлан Султаналиев - Sputnik Кыргызстан
Сүннөттөн кийин 5 оору таптакыр жолобойт. Урологдун маеги
Бул жумалыктын алкагында диабет менен ооруган балдар үчүн көңүл ачкан спорттук иш-чаралар, улгайгандар үчүн спорттук флеш-моб өтөт. Андан сырткары, каалаган адам артериалдык кан басымын жана кандын деңгээлин бекер текшерте алат. Дарыгерлердин атайын конференциясы уюштурулуп, "Кыргызстандагы кант диабети: көйгөйлөр жана аны чечүүнүн жолдору" деп аталган тегерек стол болот.

Расмий маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда 2017-жылы диабеттен жабыркаган 55 миң бейтап катталган. Диабет боюнча эл аралык федерациянын божомолуна караганда, Кыргызстанда бул илдеттин таралуу деңгээли 20 жаштан 79 жашка чейин болуп, 2025-жылы 5,8 пайызды түзөт.

Дүйнө боюнча диабеттен жабыр тарткандардын саны 422 миллион болсо, 2025-жылы 550 миллион адамга жетээри айтылууда. Ал эми 2035-жылы алардын саны 600 миллионду чапчыйт дешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0