Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүСаргайган жалбырак. Архив
Саргайган жалбырак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 10-ноя — Sputnik. Жекшемби күнү республиканын бийик тоолуу аймактарында кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жете турганын Кыргызгидромет маалымдады.

Чүй менен Талас өрөөндөрүндө +2…+7 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +6…+11, Ысык-Көл облусунда жана Нарын аймагында +3…+8 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы Бишкекте +5…+7, ал эми ордолуу Ошто +9…+11 градус жылуу болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0